Ибрагим Жунусовдун кызматтан кетиши министрликтин реорганизациясына байланыштуу

"Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовдун кызматтан кетиши, министрликтин реорганизациясына байланыштуу", - деп бүгүн, 26-февралда, министрдин орун басары Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн жаңы структурасына ылайык, ведомство эми Маданият, маалыматтык саясат жана туризм министрлиги деп аталат.

"Министрдин отставкасы ушул реорганизацияга байланыштуу, жана Мамлекеттик орус драм театрынын жетекчилиги менен болгон чырга эч кандай байланышы жок", - деп Базарбаев баса белгиледи.

Базарбаевдин айтымында, министрдин милдетин аткаруучу ким болоору азырынча белгисиз бойдон калууда.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурун Орус драм театрынын директору Борис Воробьев маданият министрин 20 миң доллар доолап жатканын билдирген. Министрдин орун басары Базарбаев өз кезегинде айтылган маалыматтын баарын жалган деп, театрдын директорун жалган жалаа жапкандыгы үчүн сотко бергени жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД