Жарды бажы кызматкери калк үчүн коркунуч туудурат

"Бажы кызматкери эч качан жарды болбошу керек" – деген пикирин, бүгүн, 26-февралда, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, бажы кызматкеринин жардылыгынан биринчи кезекте эл жабыркайт. "Башкаруунун жетекчиси бир айда бонустар менен кошкондо 40 миң сом алат, инспекторлор – 32 миң. Эгер бажычы жарды болсо, бул өлкө үчүн чоң көйгөй. Биз кызматкерлердин айлык маянасын жогорулаттык. Бирок таза иштеп берүү үчүн мындай мотивация жетишсиз. Биз кызматкерлердин социалдык жактан да камсыздандырууну ойлоп жататбыз", - деди Кулматов.

МБКнын төрагасы ведомстов жакын арада кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үй куруп берүүнү пландоодо. "Турак-жай кодекси менен бир аз карама-каршылыктар бар. Ошого карабастан биз кызматкер пенсияга чыккандан кийин турак жайды менчикке чыгарып алуу мүмүкүнчүлүгүн түзүп берүүнү карап жатабыз. Б.а. ал иштеп жатканда квартира мамлекеттиги болот, ал эми пенсияга чыккан соң, менчиктештирип алуу укугуна ээ болот. Бирок кызмат учурунда кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталса, квартира берилбейт", - деп Кулматов түшүндүрдү.

Учурда банктар менен МБК кызматкерлери үчүн пайызы төмөндөтүлгөн ипотекалык кредит берүү тууралу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындай нерсе 2011-жылы кызуу колдонгон. Бирок каржылык кыйынчылыктардан улам банктар кызматташуудан баш тартышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД