"Азия MIX" курама командасы КВНдин жогорку лигасынын чейрек финалына өттү

Кечээ, 26-февралда, "Азия MIX" курама командасы КВНдин жогорку лигасынын чейрек финалына өттү. Бул тууралуу маалымат КВН Эл аралык бирикмесинин расмий сайтында жарыяланган.

Калыстар тобуна атактуу кавээнчи Михаил Галустян, телеалыпбаруучу Валдис Пельш, актер жана алып баруучу Дмитрий Нагиев, рок-музыкант Гарик Сукачев, актер Михаил Ефремов жана алмаштыргыс калыс Юлий Гусман болушту.

1/8 финалындагы экинчи оюндун темасы түштүк болду. Командалар үч сынакта күч сынашты: учурашуу "Түштүккө сапар", триатлон жана музыкалык үй тапшырма "Жапайы эс алуу". КВН эл аралык бирикмесинин расмий сайтында, оюн-учурунда көрсөтүлгөн онлайн-режимдеги репортаж учурунда, кыргыз тамашасына жогорку баа берилгени менен, эки конкурстан кийин "Азия MIX" командасы төртүнчү гана орунда келе жатты.

Акыркы конкурс музыкалка учурунда "Чыңгызхандын корпоративиндеги жапайы эс алуу" оюну менен команда алдыга оозуп чыкты.

"Оюндун соңунда Бишкектик "Город 312" тобунун солисти (Светлана Назаренко) ырдап чыкты.

Мыкты конкурс жана "Останусь" ырынын коштоосундагы финал жүрөктөн түнөк тапты", - деп АМиК сайтында белгиленген.

Калыстар тобунан экөөсү, сөз берилгенде кыргыз командасын белгилеп өтүштү. Ал эми Гусманга "Азия MIX" командасынын оюну баарынан жакканын кошумчалады. Оюндун жыйынтыгында чейрек финалга төрт команда кирди: Пятигорск курама командасы – 11,3, Физтех курама командасы (Долгопрудный) – 11,1, "Азия MIX" – 10,7, "Кефир" (Нягань) – 10,7.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД