БАУда Борбордук Азия боюнча илимий изилдөөлөрдүн бирдиктүү базасын түзүштү

Борбордук Азия Университетинин (БАУ) билимди башкаруу департаментинин адистери региондогу илимий изилдөөлөр тууралуу бирдиктүү база түзүштү. Электрондук издөө жалаң эле Борбордук Азиянын окумуштуулардын иштеринен тышкары, тиги же бу тармактагы башка дагы эл аралык эксперттердин иштерин камтыйт.

"Маалымат абдан көп, бирок анын баардыгы баш аламан, - дейт департаменттин жетекчиси Эмануэле Коста. - Биздин максат анын баардыгын бир виртуалдык аянтта чогултуу. Баардык маалыматты ачык алууга болот"

БАУда дагы бир ири долбоордун ишке ашканын белгилеп кетүү керек – бул изилдөөлөр, монографиялар, илимий публикациялар жана китептер болуп баардыгы биригип, 50 миң бирдикти камтыган санариптик китепкана.

"Биз ошондой эле тоолу региондорду изилдөө үчүн өзүнчө портал киргиздик. Андан тышкары, Ош облусунда ишке ашырып жаткан, Ага Хан өнүгүү желесинин, микрокаржылоо долбоору боюнча сервер орноттук. Келечектеги пландарда – билим берүү серверин иштеп чыгуу", - деди БАУнун эксперти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД