Март айында телеканалдарда 25 бөлүктүү кыргыз сериалы тартууланат

4 марттан тартып, "НТС" жана "КТР"де 25 бөлүктөн турган алты студенттин жатаканадагы турмушу жөнүндө кыргыз сериалынын бет ачары болот.

Долбоордун авторлору жана уюштуруучулары "Улуу адамдар" ("Большие люди") күлкүлүү скетч-шоусунун жаратуучулары Элдияр Кененсаров жана Камила Абдил.

Сериалда бүгүнкү күндөгү, Кыргызстандын турмушундагы эң орчундуу маселелер козголмокчу.

Баш каармандарды таланттуу жаштар ырчы Нурбек Савитахунов, ырчы Ситора Фармонова, актриса Шахзода Матчанова, "Азия MIX" командасынын жана "Улуу адамдар" долбоорунун жылдызы Саламат Алиев, Евгений Цой, орус драма театрынын актрисасы Карина Адигамовалар ойношот.

Эпизоддордо Элдияр Кененсаров, Эрмек Кенесаров, Канат Керимбаев жана башкалар тартылат. Ошондой эле эпизоддордо көрүүчүлөргө таанымал болуп калган Марат Амираев, Камила Абдил жана Марина Ким дегендерди көрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД