1,5 айда казан жуучу каражаттан беш бала ууланды

Бишкекте казандарды тазалоочу химиялык эриткич "Аврорадан" ууланып, оор абалда ооруканаларга алынып келинген кичине балдардын саны өсүүдө. Бул туралуу "ВБга" Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков маалымдады.

Анын айтымында, суюктуктун өңү түзсүз, жыты жана даамы жок. Балдар аны байкабай суу деп ичип алып жатышат. Ал суюктук кызылөңгөч менен ашказанды күйгүзүп, абдан оор натыйжага алып келет.

"Былтыркы жылы "Аврора" менен төрт бала ууланган. Быйыл бир жарым айда эле беш бала өтө оор акыбалда келип түштү. Алардын өмүрүн сактап калсак дагы, өмүр бою майып болуп калышат. Ата-энелердин жоопкерчиликсиздиги ушундай акыбалга алып келүүдө", - деген пикирин Өмүрбеков билдирди.

Ата-энелердин шалаакылыгынан клиникага, мисал үчүн, үстүнө телевизор түшүп кеткен балдарды да алып келишет.

"Биз бул травманын түрүн ич ара ошентип эле атап койдук – телевизо түшкөн деп. Былтыр клиниканын дарыгерлери ушул сыяктуу 16 бейтапка жардамын көрсөтүшкөн. Бул жыл эми эле башталып, 6 бала алынып келинди. Анын ичинен бирөөсү абдан оор абалда келип, чарчап калды", - деди профессор.

Медиктер эгер үйдө наристе бар болсо, туруктуу текчелерди сатып алууга үндөп жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД