КВНдин "Тамашоу курама командасы" Астанадагы БА лигасынын жаңы сезонун ачты

Бүгүн, 28-февралда, Астана шаарында эл аралык КВН биримесинин Борборазиялык (БА) лигасынын 2013-жылдагы сезондун ачылышы болот. "Тамашоу курама командасына", былтыркы жылдын чемпиондору катары, тандоочу фестивалдын Гала-концертин ачуу укугу берилген. Бул тууралуу "ВБга" команданын капитаны Бакыт Осмонканов жана редактор Арслан Ибрагимов айтып беришти.

-Борборазиялык лигасынын тандоо турунда кыргыз командалаы да катышабы?

Арслан: - Ооба, бул жолу "Тамашоу курама командасынын" жаштар лигасы катышат. Эки эсе курама команда болуп калат экен! "Алга" атту командада он шайыр жигит бар. Алар былтыр Алматыдагы Евразиялык лиганын вице-чемпион болушкан. Биз КВНде улам кийинки жаштарга тажрыйба берүү салтын калыптандыргыбыз келет. Андан тышкары регионалдык жана регион аралык лигалар нишасы али бош бойдон калууда. Биздин "Алга" эстен кеткис команда болооруна ишенебиз.

-Силер кавээншиктердин негизги максаты - Жогорку Лигагадан бир эле кадамчалык жолдо турасыздар. Премьер лигадагы оюн качан болот?

Бакыт: -Астанадан кийин Москваны көздөй бет алабыз. 6-мартта оюндун 1/8 болот. Болгону үч конкурс болот. Анын ар биринде алты команда ойнойт. Биз экинчи этапка өтүү үчүн биринчи этапта мүмкүн болушунча көбүрөөк упай топтогонго аракет кылышыбыз керек. Ал жакта да жарым финалга жетүү үчүн жакшы баа алганга умтулуу зарыл. Упайлардын баардыгы бир саналат. Толкунданып турабыз, бирок жеңишке жетээрибизге ишенич бар.

-Толкундануу туурасында сөз кылсак, силердин Сочидеги сахнага чыгаарда аябай толкундангандыгын укканбыз. Бул сахнага чыгуунун сапатына да таасирин тийгизеби?

Бакыт: - Толкундануусуз ойноо мүмкүн эмес. Так ошол эмоциялар кайрат берет. Толкунданбагандарга баары бир.

-Сочидеги оюндан кийин өзүңүздөр үчүн кандайдыр бир жыйынтыктарды жасасаңар керек. Кайсы жерден ката кетти, аягына чейин иштелбей калды дегендей?

Бакыт: - Сахнада узак убакыт эч кыймылсыз туруу көрүүчүлөргө жагымсыз экенин түшүндүк. Анын үстүнө биз өзүбүздү динамикалуу команда катары тартуулап келебиз. Бир сөз менен айтканда, эч кандай тыныгуу болбошу керек.

-Алдыдагы оюнда атаандаштарыңар кимдер?

Арслан: - "Мисс мира" (Пенза), МФЮА курама командасы (Москва-Волгоград), "Лас-Вегас" (Энгельс), "Молодость" (Красноярск), "Шизгара" (пгт. Воскресенское ) жана биз.

-Күчтүү атаандаштарды аныктадыңарбы?

Арслан: - КВНде эч качан эч кимди тизмектен чыгаруу мүмкүн эмес. Биз тиги же бу командадан ашып түшөбүз деп айтуу акылсыздык. Бул жакта ар дайым күтүүсүз эффект болуп турат. Кумардын баары ошондо!

Бакыт: - Премьер жана Жогорку лигада көчөдөн келген командалар жок болот. Алар бүткүл КМШ аймагынан иргелип келишти. Сочиде 600 топ катышкан анын 38 гана телевизиондук лигага илиништи.

-Кандай тамашаларыңар менен көрүүчүлөрдү жана калыстар тобун кубандырасыңар?

Арслан: - Тобокелчиликке баргыбыз келген жок. Ошондуктан сынактан өткөн тамашаларыбызды гана тартуулайбыз.

-Өзүңүздүн оюнуңар менен биринчи кезекте эмнеи айткыңар келет?

Бакыт: - Биз керемет мамлекетте жашаган интеллигенттүү, боорукер жана шайыр жаштар экенибизди айткыбыз келет.

Арслан: - Россиянын Биринчи каналы – бул өз өлкөңдү башкаларга тааныштыруу үчүн кубаттуу курал. Каналдын бир эле мүнөтү чоң каражатта сатылаары баардыгыбызга белгилүү. Ал эми бизди прайм-тайм учурунда көрсөтүшөт. Ушунун өзү эле абдан баалуу!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД