Орто статистикалык кыргызстандык бир айда болгону 295 литр бензин сатып ала алат

Кыргызстан бензиндин калкка жеткиликтүүлүгү боюнча он аутсайдер өлкөлөрдүн тизмесине кирди. Бул тууралуу Казпотребнадзор менен "Рейтинг.kz" изилдөө агенттиги менен биргеликте өткөргөн анализдин натыйжасында белгилүү болду.

Казпотребнадзор өлкөнүн орто эсеп айлык маяна алуучу жашоочусу канча бензин алганга мүмкүнчүлүгү бар экенин изилдеп чыкты. Натыйжасында орто статистикалуу кыргызстандык айына 295 литр бензин ала алат.

Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгына ылайык, рейтингдеги биринчи орун Катар мамлекетине таандык. Бул мамлекеттин ортозар жашоочусу өз айлыгына 6500 литр бензин сатып алат. Мыкты көрсөткүч бул мамлекеттеги бензиндин арзандыгына (0,26 долл) жана ортостатистикалуу айлыктын жогору (1700долл) болгондугуна байланыштуу. Экинчи орунда АКШ, үчүнчүдө Бахрейн.

Бешилтикке Люксембург менен Канада дагы илинди. Ал эми Таджикистанда бензин жөнөкөй адамдар үчүн кол жеткис. Бензиндин баасы 1,35 доллар литрине, ошол эле учурда эң төмөн ортостатистикалуу айлык – 227 долл. Натыйжасында ортозар турмушта жашаган тажик бир айда 168 литр май гана сатып ала алат. Филиппин менен Индияда абал бир аз эле жакшыраак.

Аутсайдерлердин ондугуна Пакистан, Молдова, Монголия, Сирия, Таиланд жана Армения да кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД