Кыргызстанда медициналык техника боюнча инженерлерди даярдай башташат

Быйылтан баштап Раззаков атындагы КМТУтин Кыргыз-Герман институтунда "медициналык инженерия" деген жаңы адистик ачылат. Бүгүнкү күндө бул жогорудагыдай техникалык багытта даярдоочу Борбор Азиядагы жалгыз ЖОЖ болот.

Институттун директору Талант Рыспаевдин айтымында, учурда бул абдан чоң зарылчылыкка ээ болгон кесип, себеби: Кыргызстанда медициналык техника боюнча адистер жокко эсе.

"Көпчүлүк облустук, райондук жана шаардык бейтапканаларда лазердик терапиянын, рентген жана ультра үндүү изилдөөнүн заманбап аппараттары бар. Негизинен заманбап медтехниканын баардыгынын ичи электроникага жык-жыйма толгон, бирок ошону оңдоп, тейлей турган адистер жок. Эгер кандайдыр бир чип иштен чыкса, медиктер Түштүк Корея, Европа жана Япониянын адистерине кайрылууга аргасыз болушат", - деди Рыспаев.

Анын берген маалыматына ылайык, учурда медакадемиянын алдыңкы медиктери менен биргеликте "медициналык инженерия" багытындагы окуу планы иштелип жатат.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы КМТУга тапшырып жаткан абитуриенттердин арасында, Кыргыз-Герман техникалык институтунун адистиктерине эң көп суроо талап болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД