Быйыл мэрия Бишкекте петунья гүлүнүн 30 түрүн отургузат

Гүлдөрдүн биринчи отургузулушу апрелдин экинчи жарымында башталат. Бул тууралуу "ВБга" мэрия алдындагы "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын директору Закир Коомбаев билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күнгө уруктар сатып алынып, отургузулган жана көчөттөрдүн алгачкы пикировкасы аяктап калды. Коомбаевдин айтымында, "Зеленстрой" учурда бактын көчөттөрүн да отургузууга даярдык көрүп жатат. Ишкана экс-мэрдин үлгүсү менен шаардыктарга жана мекемелерге көчөттөрдү бекер таратуу акциясын өткөрүүнү да пландап жатат.

"Быйыл биз ар түрлүү сорттогу гүлдөрдү отургузалы деп жатабыз – бул петунья, тагетис, сальвия, виола жана жоогазындар болот. Петуньялардын эле түрлөрүнөн 30ун отургузабыз", - деди Коомбаев.

Ишкананы директору негизги басым петунья, тагетис жана сальвиого жасалганын айтты, себеби бул гүлдөр эрте жаздан кеч күзгө чейин гүлдөп, көздүн жоосун алат.

"Мисалы, виоланын гүлдөө убактысы 14-25 күн, жоогазындардын да гүлдөө убактысы абдан кыска. Бирок биз бул гүлдөрдү клумбаларга отургузабыз. Баш-аягы 1,5 млн гүл отургузууну пландап жатабыз. Тактап айтуу али эрте, себеби бюджет азырынча бекий элек", - деп Коомбаев кошумчалады.

Мэрия уруктарга 1,5 млн сом бөлүп берди, калганын ишкана өз эсебинен кошумчалайт, деп чиновник түшүндүрмө берди.

"Бул Бишкекти жашылдандырууга керектелүүчү каражаттын жарымы эле. Биз депутаттар "Зеленстройдун" керектөөсүнө канча каржат бөлүп берээрине жараша иш кылабыз. Оюбузга келгенин жасай бермек белек! Бирок каражат мүмкүнчүлүк берсе, биз ар түрлүү декоративдик жашылдандырууларды жасамакбыз", - деди директор.

Ошондой эле Коомбаев гүлдөрдү отургузуу апрелдин башында жүрөөрүн кошумчалады. Анткени 9-май майрамына карата Жеңиш аянты гүлдестеге бөлөнүп калуусу зарыл.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД