Екатеринбургтан келген жаштар делегациясы Ысык-Көл форумуна катышат

Екатеринбург шаарынын жаштар делегациясы 2013-жылдын күз айларында Кыргызстанда өтүүчү Ысык-Көл форумуна катышуусун билдирди. Бул туралуу форумдун демилгечилеринин бири, Урал мамлекеттик экономикалык университетинин ректору Михаил Федеров билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Екатеринбург евразиялык жаштар кыймылынын борборуна айланууда. Бул шаарда бир нече жылдан бери 100дөн ашуун мамлекеттерден келген өкүлдөрдү чогулткан Жаштар евразиялык экономикалык форуму өткөрүлөт.

"Орусия да, Кыргызстан да качандыр бир убакта бир мамлекеттин курамына киришкен. Бирок учурда бири-биринен көз карандысыз өлкөлөрдү бириктирип турган бир масштабдуу инсан бар. Бул адам – Чынгыз Айтматов. Жазуучу эки тилди бирдей алып жүрдү, ал өз мекени туралуу, Орусия туралуу да жазды. Бүгүнкү күндө анын элдерди маданий жана руханий биримдикке чакыруу ишин ушул жана башка малекеттин жаш муундары улантып келишет", - деди УМЭУ ректору.

Федоровдун пикири боюнча, жогорудагы салттарды 2011-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн 2-Ысык-Көл "КМШ жаштары – маданияттардын ар-түрдүүлүгү, толеранттуулук, макулдашуу" интеллектуалдуу жаштар форуму да өзүнө камтып алды. Ал форум Чынгыз Айтматовдун элесине арналган. Ал эми келе жаткан 3-Ысык-Көл форуму кыргыз, орусиялык жана дүйнөлүк адабиятынын классигинин 85 жылдыгына арналаарын ректор баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД