Активист: Таарынган оппозиция жазгы митингтерге даярдык көрүп жатат

"Бийликтеги жылуу жумшак орундарын кайтаруу үчүн оппозоиция жазгы митингтерге даярдык көрүп, өлкөдө төңкөрүш жасоону пландап жатышат", - бул тууралу "ВБга" бүгүн, 4-мартта, "Эркин Эл" жаштар саясий партиясынын лидери, жарандык активист Мавлян Аскарбеков айтып берди.

Анын айтканына ылайык, учурдагы чуулгандуу саясатчылардын бардыгы – эки революциянын катышуучулары жана бийлик ордуларына илинбей калган башка оппозиционерлер. Алар жазгы митингтерге даярдык көрүп, жашыруун жыйындардын өткөрүп жатышат. Аскарбековдун пикири боюнча алардын негизги максаты, мамлекетти өнүктүрүү эмес. Аргасы түгөнгөн оппозициялык саясатчылар бийликти кайтарып алуу үчүн саясий шантажга да барууга даяр болуп турушат. Митингдерди өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдө, жыйырма жыл бою бирде бийлик башында бирде оппозицияда болуп келген көрүнүктүү адамдар активдүү катышып келет.

"Алардын арасында аткаруу бийлигинен кызмат албай калгандар дагы бар", - деп жаштар партиясынын лидери кошумчалады.

Белгилей кетсек, феврал айында "Ак-Кеме" мейманканасында мурдагы убактылуу бийлик мүчөлөрүнүн жарымынан көбү чогулган. Бул тууралу Кыргызстандын УКМКдагы булактар билдиришти. Расмий бийликтен экономика министри Темир Сариев келген.

"Учурда бийликтен четте калган бардык саясатчылар биргелешип жатышат. Бирок алар бийликке кандайдыр бир конструктивдүү талаптарын коюушу күмөн жаратат. Алардын жалгыз максаты азыркы бийликти алып түшүү", - деди Аскарбеков.

Тор аркасында отурган "Ата журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов да азыркы бийликке каршы митингдерди колдошот.

Коомчулукта жазгы митингдер темасы активдүү талкууланууда. Бирок бир катар оппозициялык саясатчылар мындай маалыматтарды четке кагышты. Маселен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жазгы митингтерге катышпай тургандыгын ачык билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД