Кыргызстан ЖККУга чукул кырдаалдардан кийинки акыбал менен күрөшүүнү сунуш кылды

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук кеңеш уюмумунун (ЖККУ) учурдагы төрагасы катары, чукул кырдаалдарды алдын алуу жана андан кийинки абалды ликвидациялоо тармагындагы карым-катнашты иш жүзүндө күчөтүү керектигин айтып, ӨК жана куткаруу бөлүмдөрүнө багытталган жаңы техника боюнча бирдиктүү база түзүү зарылчылыгы бар экенин билдирди.

2012-жылдын декабрь айында өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы учурунда, бул бирдиктүү иштешүүнүн багыты, приоритеттүү дегендердин санына каратылды, - деп ЖККУ алдындагы КРдин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Ильязов билдирди. Бул маселен, Кыргызстан үчүн да учурда актуалдуу маселелердин катарына кирет. Биздин өлкө 2013-жылды жогорудагы айтылган тармактагы жамааттык иштешүүнү бекемдөөгө багыттоосу зарыл.

"Ушул максатта, Кыргызстан ЖККУ боюнча шериктештерине табигый же техногендик кырсыктарга туш келген мамлекеттерге жардам көрсөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну сунуштап жатат. Ошондой эле, ЖККУ мейкиндигинде жабыркагандарга тез жардам, керектүү ресурс жана техниканы жеткирүү максатында материалдык резервдин болуусу керектигин айтып чыкты", - деди Ильязов.

Ильязовдун айтымында, Кыргызстанда куткаруу бөлүмдөрү үчүн кадрларды даярдоо системасын өнүктүрүү приоритеттүү деп эсептелинет. Атайын окутуучу жайлардын жоктугунан учурда кыргызстандык куткаруучулар даярдыкты РФтин жарандык коргоо академиясынан өтүшөт. Бирок келечекте ЖККУнун мүчөлөрү болуп келген мамлекеттерде да даярдык потенциалын күчөтүү перспективалары бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД