Сарыгулов: "Кумтөр" мыйзамга ылайык салыктардан бошотулган

"Кумтөр" долбоору жаңыдан иш баштап жатканда, ошол учурдагы "Чет элдик инвестициялар" тууралуу мыйзамга ылайык бардык салык жана бажы төлөмдөрүнөн толугу менен бошотулган. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта, Бишкектеги пресс-конференция учурунда коомдук ишмер, "Кыргызалтын" мамконцерндин экс-президенти Дастан Сарыгулов айтып берди.

Анын айтымында, бул кадам банк кредиттеринин мүмүкүн болушунча тезирээк кайтарып берип, пайыздардын көлөмүн азайтуу максатында жасалган. Бул Кыргызстандын кызыкчылыгы эле.

Эске салсак, "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКтын ишин текшерүү боюнча түзүлгөн мамкомиссия, компанияны жеңилдетилген салык режими үчүн күнөөлөп жатат. Ал режим 2009-жылы өндүрүш үчүн мамлекет тарабынан сунушталган макулдашуунун чегинде иш жүзүнө ашкан.

Мамкомиссиянын төрагасы, экономика министри Темир Сариевдин айтымында, "Кумтөр" болгону жалпы обороттон 13% жана Ысык-Көл облусунун өнүгүү фондуна 1% салык төгүп келет. Ошол эле учурда, КРдеги башка өндүрүштөр иш алып барган тармагына жараша 17 ден 20% чейин салык төгүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД