Москвадагы баткендиктер Сох жаңжалынан жабыркагандарга жардам беришти

Россияда иш алып барып жаткан "Баткен" коомдук фонду Москва шаарында "Биз Мекенибиздин тагдырына кайдыгер эмеспиз" аталыштыга кайрымдуулук марафонун өткөрүштү. Анын жүрүшүндө чогулган 30 миң рубль Сох жаңжалында жабыркаган Баткендеги чек ара айылдарында жашаган тургундарга жөнөтүлөт.

Фонддун жетекчилигинин айтымында, РФте иштеп жүргөн баткендиктер мындай марафонду уюштуруп, ушул жылы 80 миң рубль чогултушкан. Ушул сыяктуу кайрымдуулук акциялар мындан ары да улантантыла бермекчи. Андан түшкөн каржатты этникалык конфликттерде жана табигый кырсыктарда жабыркагандарга жөнөтүлөт.

Марафон Москвадагы кыргыз диаспорасынын аксакалдар кеңешинин жетекчилери Турсумбай Кубатбеков жана Раимкул Аттокуровдун катышуусу менен ВДНХдагы "Кыргызстан" павильонунда өттү. Каражаттын жеткирилиши жана максаттуу колдонулушу боюнча Москва шаарынын мекендештер арасынан атайын шайланган адамдар жоопкерчиликтүү болушат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД