Мамматериалдык резерв фонду унду базар баасынан төмөн сатуусун улантууда

Мамлекеттик материалдык резерв фонду унду базар баасынан төмөн сатуусун улантып жатат. Запастарды ачуу чечими бийлик тарабынан 2012-жылдын октябрь айында кабыл алынган. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.

Учурда регион боюнча 6 872,91 тонна ун сатылды. Анын ичинен I-сорт – 5 915,23 тонна жана II- сорт 957,68 тонна сатылган.

Запасты ачуу чечими ун жана нанга болгон бааны төмөндөтүү максатында кабыл алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД