Бажычылар кыргыз ЖЧКсынын этикеткалары менен вьетнам курткаларын табышты

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) изилдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана "Манас" Аэропортундагы мамлекеттин бажы кызматы жүктөрдү текшерүү учурунда документациясына ылайык келбеген товар табышты. Бул тууралуу Кыргызпатенттин маалымат кызматы маалымдады.

"Маргарита" ЖЧКсына Вьетнамдан эркек жана аялдар курткалары 2 442 кг салмакта, 8 322 долларга жүк келген.

Жүктү текшерүү учурунда курткалардын этикеткаларында Бишкек шаарынын Жал – 15 дареги боюнча катталган "Даткай KG" ЖЧКсы көрсөтүлгөн. Бирок документтери боюнча, жүктү жөнөтүүчү Rosviet Co. Ltd., компаниясы вьетнамдык дарек менен катталган.

Ушуну менен "Товарларды жана унаа каражаттарын декларация кылбоо же туура эмес декларациялоо" беренеси боюнча административдик жоопкерчилик боюнча мыйзам Кодекси бузулганы аныкталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД