Парламенттик көпчүлүк коалициясы жазгы митингтер тууралуу сүйлөшүшөт

9-мартта парламенттик көпчүлүк коалициясы жазгы митингдер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кабарлады.

"Биз ушул жазда оппозиция өткөрүп жана пландап жаткан митингтер тууралуу өз пикирибизди айтабыз. Учурда көпчүлүк күчтөр өлкө ичиндеги абалды дестабилизацияга алып келип, бийликти басып алууну каалап жатышат", - деди парламентарий.

Ал жолугушууда өзүнүн кесиптештерин чыккынчыларды мыйзам чегинде жоопко тартуусун чакырат.

Эске салсак, бүгүн, 5-мартта, Ошто жана Ысык-Көлдө "Ата-Журт" партиясынын тарапкелери митингге чыгып, камакта отурган Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуусун жана "Кумтөр" менен келишимди жокко чыгаруусун талап кылышат. 2012-жылдын 3-октябрында депутаттар Бишкектеги Ала-Тоо аянтында митинг уюштурушкан. 5-октябрда алар камакка алынып, бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп күнөө коюлган. Учурда борбордун Биринчи май райондук сотунда депутаттарга карата козголгон кылмыш иши каралып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД