Уюштуруу комитети Элдик апрель революция күнүн өткөрүү планын иштеп чыгат

Кечээ, 4-мартта, президент Алмазбек Атамбаев Бишкек, Ош жана башка шаарларда Элдик революция күнүн өткөрүү иш чарасына, уюштуруу комитетин түзүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу президентин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"7-апрель – Элдик апрель революциясы" Мыйзамына ылайыкталып түзүлгөн уюштуруу комитеттин жетекчиси болуп, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дайындалды.

Уюштуруу комитетине иш чаранын планын түзүп, аны иш жүзүнө ашыруу милдеттендирилген.

Бийлик Элдик апрель революция күнүнүн финансылык жана уюштуруучулук маселелерин чечип берүү милдетин өз мойнуна алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД