Мунжу эмес майып десениз окшошмок
Кыргызстанда СПИД оорусу менен жабыркаган балдардын саны 326. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта, социалдык өнүгүү боюнча министр Кылыч Султанов социалдык саясат боюнча парламенттик жыйында билдирди.
Анын айтымында, 211 бала (65%) ай сайын социалдык пособие алышат. "Калган балдардын ата-энелери аймактык социалдык коргоо органдарына кайрылышпайт. Мунун себеби, көпчүлүк учурда этикалык көз-караштан улам болуп келет. Ошондуктан бул балдарды мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын категориясына киргизүүнү сунуштап жатабыз", - деди Султанов.