Атамекенчи депутат казинолорду кайрадан жандандырууну сунуштап жатат

Бүгүн, 5-мартта, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин жыйынында анын төрагасы - "Ата- Мекен" фракиясынын депутаты Карганбек Самаков – Кыргызстандын аймагында кайрадан казинолордун ишин жандандырууну сунуш кылды.

Анын айтымында, Малайзияга барган иш сапарында казинолор жайгашкан оюн зонасында болуп келген. "Ал зонанын обороту 42 млрд доллар. Ал территорияга жалаң чет элдиктер кирип, жергиликтүү жашоочулардын кирүүсүнө тыйуу салынган. Балким, биз деле казинолорду кайрадан жандандырабыз? Биздеги бюджеттин дефицитин эске алып, ушундай зонаны Баткен облусунда же болбосо, Кытай менен чектеш аймактарда ачып коюу эмне үчүн болбосун? Ал жерге биздин жарандардын кирүүсүнө тыюу салынат. Жаштарга да уруксаат берилбейт. Кытайлыктар ойноп өз акчаларын калтыра беришсин. Бюджетти да толтуруп алат элек", - деди Самаков.

Аны КСДП фракциясынан депутат Алла Измалкова да колдоду. Анын пикири боюнча, оюн зонасы катары Ысык-Көл жээгиндеги Балыкчы шаарын да кароо керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД