Кыргызстандык дарыгерлерге Ханты-Мансийсктен жумуш сунушташат

"Россиядагы Ханты-Мансийск автономиялуу округу медиктерге муктаж, жана Кыргызстандан келген адистерди сүйүнүү менен кабыл алышат", - деди "Киргизия-Север Улуттук маданий борбор" коомдук оюмунун төрагасы Кубанычбек Айдаров.

Анын айтымында, россиянын Түндүгүндө бүгүнкү күнгө чейин медицинанын Советтик мектеби жогору бааланат. "Ал эми кээ бир жогорку адисттиги бар медиктер үчүн бекер турак жай да камсыздалат. Түндүк коэффициентин эске алганда бул жакта абдан жакшы каражат тапса болот. Биз бул тууралуу Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо органдарын да маалымдап коюууну чечтик. Ошондой эле Россиядагы башка шаарлардагы кыргыз диаспораларына да билдирүү жасадык", - деди Кубанычбек Айдаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД