Бишкекте канализациялык люктан селсаяктын өлүгү табылган

Бишкекте куткаруучулар канализациялык люктан селсаяктын өлүгүн чыгарышкан. Бул тууралуу ӨКМнин кызматкерлери кабарлашты.

Селсаяктын өлүгү тууралуу маалыматты Биринчи май РИИБнин кызматкерлери куткаруучуларга билдиришкен. Милициялардын айтымында, эркек кишинин өлүгү люкта бир нече күн жаткан. Бул маалыматты бир нече үйсүздөр да тастыкташты. Алардын сөзү боюнча, селсаяк катуу ооруп жүргөн жана бир нече күндөн бери сыртка чыкпай калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД