Кыргызстандык туркомпаниялар ФГРдеги Эл аралык туристтик биржага катышышат

Кечээ, 5-мартта, Берлиндеги "Мессе" негизги көргөзмө борборунда, кыргызстандык туркомпаниялардын жана ассоциациялардын сегиз өкүлү ITB-2013 Эл аралык туристтик биржага катышышты. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз, маалымат жана маданият башкармалыгы кабарлады.

Биржанын салтанаттуу ачылышында Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель,Берлиндин бургомистри Клаус Воверайт, Индонезиянын президенти ж.б. катышышат.

6-7-мартта Кыргызстандын туроператорлору чет элдик шериктештер менен байланыш жана келишимдерди түзүү максатында жолугушушат.

ITB-2013 – бул туристтик потенциалды алдыга жылдыруу үчүн дүйнөлүк мейкиндиктердин эң чоңдорунун бири. Анда 180 өлкө катышып, 11миң көрсөтүлүүчү экспоненттер болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД