Парламентте элчилердин билими жана тил билүүсү тууралуу талкуу жүрдү

Бүгүн, 6-мартта, парламенттин жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешов, элчилик кызматка билим деңгээли ылайык келген жана бара турган өлкөнүн тилин билген кадрларды гана кабыл алууну талап кылды. Жыйында дипкызматкерлердин жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу мыйзамы каралып жатат.

Бекешевдун айтымында, бара турган мамлекеттин тилин билбеген адамдарды элчиликке жумушка кабыл алуу учурлар жок эмес. "Ал өлкөгө бараары менен түрдүү тил курстарына барышат экен. Мындай көрүнүштөргө жол берилбеши керек. Бул документке чиновниктер чет жерге кызмат кылууга бараардан мурда ошол жактын тилин билүүсү керек деген норма киргизүү зарыл", - деди Бекешев.

ТИМдин министри Эрлан Абдылдаев депутаттын пикирине кошулган жок. "Бизде чет тилдерди мыкты билген кызматкерлер абдан көп. Учурда котормочулук менен эч кандай кыйынчылыктар жок. Чет өлкөгө кызматка жиберилген элчилер ал жердин тилин билишет. Ал эми дипломаттардын экипировкасына азырынча каражат жетишсиз", - деп Абдылдаев актанды.

КСДП фракциясынын мүчөсү Галина Скрипкина, мыйзам долбоорго генералдык консулдарды парламент аркылуу шайлоону сунуштады.

"Ар-Намыстан" депутат Каныбек Иманалиев элчилердин арасында ротация жүргүзүү зарылчылыгын айтып чыкты. "Он төрт элчи такыр алмашпай келет. Аларды болгону бир өлкөдөн экинчисине которуп келишет", - деп сөзүн соңуна чыгарды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД