Кыргызстанда бразилиялык импорт бир жылда 87% өскөн

Бүгүн, 6-мартта, экономика министри Темир Сариев Кыргызстандагы Бразилиянын элчиси Освальдо Биато Жуниоро менен кезикти. Бул тууралуу экономика министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Белгилендендей, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу сөз жүрдү. Андан тышкары Дүйнөлүк соода уюмунун мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө салым кошкондугу боюнча сүйлөшүлдү.

Кыргызстан менен Бразилиянын ортосундагы сырткы соода жүгүртүү 2012-жылы 4,3 млн долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 87%га өскөн.

Бразилиядан Кыргызстанга тамеки, колбаса, тоок эти, кофенин эксракттары жана коцентраттары, ошондой эле бульдозерлер жана сүттү кайра иштетүүчү шаймандар алынып келинген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД