Кыргызстан сүттү экспорттоо үчүн жаңы рынокторду издейт

Сүт азыктарын экспорттоо үчүн Кыргызстан жаңы рынокторду изилдеп келет. Бул тууралуу кечээ, 6-мартта, Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Самат Алиев билдирди.

Сүт азыктарын өткөрүү рыногу катары учурда Катар жана Оман мамлекеттери каралып жатат. "Азыр биз Кытайга кургак сүттү экспорттоо боюнча иш алып барып жатабыз. Россия жана Казакстанга тыйуу салынганга карбастан биз ордубузда турбай, жаңы рынокторду издеп келебиз жана кандайдыр бир натыйжа чыгара аларыбызга ишенебиз", - деди Алиев.

Анын айтымында, азырынча продукция ички рынокто гана калып жатат. Бирок ал азыктын баардыгын сатып алууга жетишпейт. "Бизге сөзсүз экспорт керек. Биз Казакстанга экспорт ачууга аракет кылып жатабыз. Алар да бизден брэндди сактап калуубузду суранып жатышат. Белорустар дагы Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктардыкындай сапат Россияда да өтө аз экенин белгилешет. Маселенин бардыгы сүт жана сүт азыктары техникалык регламентте бир берене катары саналат. Бирок бул эки башка нерсе. Сүт – бул сырье, ал эми сүт азыктары – бул сырьенун негизинде жасалган продукт. Термикалык иштетүүдөн өткөн соң, ооруу жугузуу мүмкүнчүлүгү жок болот. Ошондуктан биз коопсуздук үчүн бул эки түшүнүктү эки бөлүп кароону сунуштап жатабыз", - деди Алиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД