Марртын аягында Кыргызстанга америкалык iLuminate Team бий тобу келет

Марттын аягында Кыргызстанга америкалык iLuminate Team бий тобу келет. Бул тууралуу "ВБ"га КРдеги АКШнын элчилигинин өкүлдөрү билдиришти.

Алардын берген маалыматына ылайык, бий тобу Улуттук опера жана балет театрында 26-27-мартта концерт беришет. 20-мартта топтун Кыргызстандагы иш чаралар боюнча программасы толугу менен бекитилет.

Маалымат үчүн

iLuminate Team 2011-жылы "Америка таланттарды издейт" сынагынан кийин көпчүлүккө таанылган. Алардын бийи өзгөчө кыймыл аракет, бийчилер арасындагы мыкты байланыш жана жарыктын эффектилери менен айырмаланат


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД