116 кыргызстандык Кытайга окууга барышат

Кечээ, 11-мартта, вице-премьер-министр Камила Талиева Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй жана БГУ алдындагы Конфуций институтунун директору, Синьзяндык университеттин профессору Анарбек Субаи менен кезикти. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушуу учурунда вице-премьер-министр Субаиге мамлекеттердин билим берүү жана маданият тармагына эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биздин өлкөдө Кыргыз-Кытай университетинин жана Синьцзян университетинде Кыргыз илимий-изилдөө институтунун ачылышына Сиз чоң салымыңызды коштуңуз", - деди Талиева.

Андан тышкары, лингафондук кабинет жана мультимедийдик аудиториялар заманбап техникалар менен жабдылгандыгы жана кытай тилин окуу борборлору бардык китептер менен камсыздалгандыгы белгиленди.

КЭРге окууга 116 кыргызстандык жөнөтүлдү, кытай тили боюнча сабак берүүчү 207 мугалим үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары уюштурулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД