Бишкекте австриялык жазуучунун кыргыздардын тарыхы тууралу китеби тартууланат

Бүгүн, 12-мартта, Бишкектеги улуттук китепканада австриялык жазуучу Николаус Шрефлдин "Өзөк – тамырга саякат" ("Путешествие к истокам") атту китеби тартууланат.

Китеп Австрияда немец тилинде басылып чыгарылган. Кыргызстанда китеп "Айтыш" коомдук фондунун колдоосу менен жарык көрдү. Кыргыз тилине китептин Кыргызстан жана Казакстан тууралуу камтыган бөлүгү гана которулган. Которуунун редактору болуп, Кыргызстандык журналист Алтынай Темирова дайындалган.

Китепте аңгеме саякатчы тарабынан баяндалып, анда Кыргызстан тууралуу, кыргыздардын тарыхы жана бүгүнкү жашоосу сүрөттөлөт.

Маалымат үчүн

Николаус Шрефл – атактуу австриялык публицист. Анын чыгармалары дүйнөнүн бир нече тилине которулган. Шрефлди австриянын заманбап адабиятындагы саякаттардын адабий сүрөттөө жанрынын негиздөөчүсү кабыл алышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД