Мэр сугат сезонуна даярдык тууралуу кабатырланды

Бишкектин мэри Иса Өмүркулов тиешелүү шаардык кызматтарга ирригациялык системаларды сугат сезонуна даярдоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басмасөз кызматы маалымдады.

Өмүркуловдун айтымында, арыктардын баардыгын тазалап, кошумча лотокторду орнотуп, ирригациялык желелерге мыйзамсыз тургузулган павильон жана киоскторду демонтаж кылуу зарыл. Себеби, алар ыргыткан таштандылардын айынан тыгындар пайда болуп, арыктардагы суу ташып, тротуарларды каптап кетүүдө.

"Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Закир Коомбаевдин айтымында, Бишкекте 408,9 км ирригациялык желелер бар. Анын ичинен 64,5 км - сугат каналдар, 90,2 км - магистралдык каналдар жана 42,5 км - коллектордук-дренаждык желелер.

"Ирригациялык желелерди тазалоо иштери 20-февралдан башталды. Бүгүнкү күндө 8,3 ирригациялык желелер, 2,3 магистралдык каналдар тазаланды", - деди "Зеленстройдун" жетекчиси.

Маалымат үчүн

Жыл сайын шаар Аламедин, Ала-Арча даряларынан жана Чыгыш Чоң Чүй каналдарынан сугарылат.

Сугат сезону майда башталып, жаратылыш шарттарына жараша алты ай созулуп, 1-ноябрга чейин жүрөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД