Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары сүйлөшүшөт

Бүгүн, 12-мартта, Исфарада (Тажикстан) Кыргызстан менен тажикстандын чек ара кызматкерлери жолугушушту. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМКлар менен байланышуу бөлүмү кабарлады.

Жолугушуу учурунда КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынын генерал-лейтнанты Токон Мамытов менен Тажикстандын УКМКсынын орун басары, чек ара аскеринин башкаруучусу, генерал-лейтенант Шерали Мирзо эки тараптуу кызматташуунун активдешүүсү туурасында сүйлөшүштү. Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жер-суу талаш боюнча конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо маселелрин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тараптар кызматтык жолугушуу протоколуна кол койгондугу белгиленет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД