Өкмөткө "Кыргызтелекомдун" курамынан РРТРМӨБни чыгарууга бир ай берилди

Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча парламенттик комитет өкмөткө "Кыргызтелекомдун" курамынан Республикалык радио жана телевидениенин радиорелейдик магистралдарынын өндүрүштүк бирикмесин (РРТРМӨБ)чыгаруу үчүн бир ай мөөнөт берди. Мындай чечим бүгүн, 12-мартта, комитеттин жыйынында кабыл алынды.

Комитеттин төрагасы – "Ата Журт" фракциясынан депутат Жусупали Исаев өкмөткө Жогорку Кеңештин "Кыргызтелекомдун" курамынан РРТРМӨБни чыгаруу боюнча токтомун иш жүзүндө аткаруу үчүн 10-апрелге чейин убакыт берди. "Болбосо өкмөт токтомдун аткарылбагандыгынын себептерин далилдеп бериши керек болот", деди Исаев.

Эске салсак, өкмөт РРТРМӨБнин "Кыргызтелекомдун" курамынан чыгышына каршы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД