Кичинекей кыз зордуктоочунун колун тиштеп качып кутулган

Зордуктоочунун колун тиштеп, 11 жашар кыз качып кутулган. Бул тууралуу Чүй ШИИБсинин басмасөз кызматы кабарлады.

Кылмышкерге карата Ысык-Ата районунун из кубарлары кылмыш ишин козгошту.

Милиция кызматкерлердин айтымында, мурда да бир нече жоллу камакта отурган кылмышкер Кант шаарындагы темир жолдун боюнда кичинекей кыздын жалгыз баратканын байкаган. Жанына барып, чачынан сүйрөп алып, алыс эмес жердеги эски өндүрүштүн урандыларына алып барган. Забордон батпай калган киши кызды тосмонун үстүнөн ыргытып түшүрүүгө аракет кылган. Учурдан пайдаланган кыз анын колун катуу тиштеп алганга үлгүргөн. Колунун ооруганына алаксыган кылмышкер кызды кое берип жиберген. Ошол кезде 11 жашар кыздын кыйкырыгын уккан кишилер ызы-чуу болуп жаткан жерге чуркап келишкен. Кол салуучу алардан качып кутулган. Бирок, милиция кызматкерлери аны алыска узатпай дароо камакка алышкан.

Кол салуучу кызды зордуктоо максатында сүйрөп баратканын мойнуна алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД