Россия-казак делегациясы менен Айтматовдун юбилейи тууралуу сүйлөшүштү

Кечээ, 13-мартта, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча россиялык-казакстандык делегецияны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Өкмөт жетекчиси маданияттардын диалогун бекемдөө жана гуманизмдин идеяларын жайылтуу демилгеси үчүн меймандарга ыраазычылыгын билдирди.

"Быйыл биз гуманист, атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин өткөргөнү жатабыз. Ал анын чыгармачылыгын урматтаган көпчүлүк адамдар үчүн алардын интеллектуалдык жана руханий баалуулуктарын калыптандырууда зор роль ойноду. Анын чыгармачылыгынын натыйжасы дүйнөлүк адабияттын байлыгы болуп келет. Айтматовдун чыгармаларынын аркасы менен көптөгөн элдер кыргыз деген калкты тааныды", - деди премьер-министр.

Маараке Кыргызстандан тышкары Россия, Казакстан, Түркия, Азербайджан, ж.б. мамлекеттерде да өткөрүлө тургандыгы билдирүүдө белгиленет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД