Кыргызстан менен Австриянын жылдык товар жүгүртүүсү 10 млн евродон жогору эмес

Австрия менен Кыргызстандын ортосундагы жылдык товар жүгүртүүсү 10 млн евродон жогору эмес. Австрия бул көрсөткүчтү кесин түрдө көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу кечээ, 14-мартта, пресс-конференция учурунда жогоруда аталган өлкөнүн президенти Хайнц Фишер билдирди.

Анын айтымында, австриялык делегациянын курамында Бажы кызматынын жана Европада беделдүү деп таанылган өндүрүштөрдүн өкүлдөрү бар. Алардын бардыгы Кыргызстанга жардам берүүгө даяр.

"Евробиримдиктин алкагында биз соода-сатыкты өнүктүрүү максатында КРдин бардык каалоо-тилектерин колдойбуз", - деди Фишер.

Кызматташуунун дагы бир маанилүү тармагы деп туризмди атады. Ал анын өлкөсү бул багытта инновациялык билими бар экенин кошумчалады. Андан тышкары Кыргызстанда модернизацияга муктаж өндүрүштөр да бар экенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД