АУБда сакталып турган Соцфонддун депозитин кирешеси менен кошо кайтарып беришти

2010-жылга чейин "АзияУниверсалБанкта" сакталып турган Соцфонддун депозити 1,5 млрд сом өлчөмдө 80 млн сом кирешеси менен кошо кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта, КСДП фракциясынын жыйынында Соцфонддун төрагасы Мухамедкалый Абулгазиев билдирди.

"2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин биз 750 млн сомду кайтарып алганга үлгүргөнбүз. Кийин АУБнин ишмердиги токтотулганда, Каржы министрлиги "Залкар Банк" аркылуу калган 800 млн сомду баалуу кагаз түрүндө беришкен. Бүгүнкү күндө Каржы министрлиги Соцфонддун депозитин 80 млн сом кирешеси менен кайтарып берди", - деди Абулгазиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД