Жапаровдун жактоочулары президентке жалган жалаа жапкандыгы үчүн жооп беришет

Бүгүн, 15-мартта, КСДП фракциянын жыйынында анын лидери Чыныбай Турсунбеков, өзүндө жана президент Алмазбек Атамбаевде Centerra Gold Inc. компаниясынын акциялары бар деген ЖМКлардагы жана элге таратылып жаткан баракчалардагы маалымат жалган экендиги айтты.

Лидердин айтымында, Садыр Жапаровдун жактоочулары "такталган эмес маалыматты" таркатып жатышат. Алар президентти, Мамтехинспекциянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев экөө өз чөнтөктөрүнө "Кумтөр" бөлүп берген акчаны дивидент катарында алып калышкан", деп күнөөлөп жатышат. Ошондой эле алардын билдирүүсүнө ылайык, мен жана президент Centerra Gold Inc. компаниясындагы акцияларына байланыштуу, "Кумтөрдүн" улутташтыруусуна каршы чыгып жаткан имишпиз", - деди Турсунбеков.

"Менин пикирим боюнча атажуртчулар маалыматтык чабуул башташты. Бул маалымат жалган жана аны прокуратура текшериши керек",- деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД