Россиядагы баткендиктер Сох конфликтинде жабыркаган айылга жардам көрсөтүштү

Жакынкы арада Москва шаарында пайда болгон "Баткен" фондунун төрайымы Турдайым Кожомбердиева марафондун катышуучуларына көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн Баткен облусундагы Чарбак айылынын тургундарынын атынан раазычылык билдирди. Гуманитардык жардам 2013-жылы февраль, март айларында Москва шаарындагы диаспора уюштурган кайрымдуулук марафондордун натыйжасында чогулган.

Жалпысынан мигранттар 110 миң рубль чогултуп, мекенине жөнөтүшкөн. Кожомбердиеванын айтымында, жиберилген каражатка Чарбак айылында спорклубунун курулушу башталды.

Эске салсак, так ушул айылдын тургундары 2013-жылдын 5-январында Сох анклавындагы конфликт учурунда эң көп жабыркашкан. Электр тогун берүүчү эки зым чынжырлар жарактан чыгарылып, кайрадан калыпка келтирилген.

"Баткен" фондунун жетекчилигинин айтымында, кайрымдуулук акцияларын мындан ары да улантуу пландалууда. Түшкөн каражат этникалык чыр-чатак жана табигый кырсыктардан жабыркаган кыргызстандыктарга жөнөтүлүп турмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД