Москвадагы кыргызстандыктар мекениндеги жаштарга камкордук көрүүгө чакырышты

Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттери өз жыйынында республиканын айыл башкармалыктарына, Россияга иш издеп, жөнөп жаткан жаштарга камкордук көрүүгө чакырышты. Негизинен алардын укуктук даярдыгы жана адеп-ахлактык тарбия алуусу боюнча сөз болду. Бул кадамга россиялык кыргыздарды, алар күбө болгон көптөгөн кыйынчылктарга тушуккан кыз-жигиттер себепкер болушту. Россиянын мыйзамы тууралуу түшүнүгү жок жана боло турган сыноолорго даярдыгы жок жаштар ого эле көп болуп жатат.

"Улуу муундун өкүлдөрү бул маселеге жоопкерчиликтүү кароосу зарыл, - деди "Ала-Тоо" регион аралык коомдук фонддун жетекчиси Жамилхан Бегиева. - Мектеп партасынан жаңы эле чыккан өспүрүмдөргө Россияга бара турган болсо кандай турмуш аларды күтүп турганын жеткиликтүү бийлик түшүндүрүүсү зарыл. Балким, айрымдарын мекенинде эле алып калуу мүмкүн болот. Же болбосо аларды кандай кыйынчылыктар күтүп турганын психологиялык даярдоо зарыл".

Ушу жана башка актуалдуу маселелер КРдин премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин жакынкы аралыкта РФке болгон иш сапары учурундагы мекендештер менен жолугушууда талкууланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД