Садыр Жапаров жана Абдулла Юсуповдун жактоочусу каза болду

Адвокат Токтогул Абдыев көз жумду. Бул тууралуу 16-мартта Facebookта адвокат Кубатбек Кожоналиев өз баракчасында жазган. "Күтүүсүз жерден менин кесиптешим Токтогул Абдыев каза болду. Кечээ эле бул киши процесс учурунда чындык жана адилетүүлүк үчүн күрөшүп, мени да жактап жаткан эле. Бул чыныгы Адам, жогорку профессионалду юрист жана ак ниет инсан болчу. Аны жоктоо абдан оор болуп жатат", - деп Кожоналиев бөлүштү.

Эске салсак, Абдыев акыркы мезгилде "Ата Журт" фракциясынан депутат Садыр Жапаров жана мародерлук үчүн соттолуп жаткан Абдулла Юсуповду жактап жаткан эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД