Кыргызстандагы тажиктердин диаспорасы Равшан Сабировду колдоду

Кыргызстандагы тажик диаспорасынын лидерлери жана аксакалдары СИЗО-1 де отурган Равшан Сабировго колдоо каты менен кайрылышты.

"Биз сизди колдойбуз. Моралдык жана руханий жактан ар дайым сиз тараптабыз. Сиз күнөөлөнүп жаткан кылмыш иштерге, өзүңүздөрдүн моралдык жана этикалык көз караштарыңызга байланыштуу барбайт деген ишнемдебиз.

Бизге сиздин ачкачылык жарыялаганыңыз белгилүү болду. Силердин ден-соолугуңарга кабаатыр болуп жатканыбыздан улам, ачкачылык акциясын токтотууңузду суранабыз. Сизден кайраттанып турууңузду өтүнөбүз. Биз менен бирге адилетүүлүккө жетебиз деген пикирдебиз", - деп кайрылууда жазылган.

Социалдык өнүктүрүүнүн экс-министри Равшан Сабиров Кыргыз Республикасындагы тажиктердин А.Рудаки атындагы коомдук бирикменин төрагасы экендиги айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД