Орто-Токой суу сактагычынын кызматкерлери маянаны эки эсе көтөрүүнү талап кылды

15-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Мирбек Асанакуновдун жана Ысык-Көл облусу боюнча мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын башкармалыгынын жетекчиси М.Абдрахматовдун катышуусунда чогулуш өткөн. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-апрелден баштап Орто-Токой суу сактагычынын кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу чечими кабыл алынган.

Бирок ага карабастан суу сактагычтын кызматкерлери 18-мартта кайтадан иш ташташып, айлык акыны 100% көтөрүүнү талап кылышкан.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин эмгек жамаат иш таштоону токтотушкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД