Кыргызстандын парламенти 30-апрелдеги отурумунда КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев ээлеген кызматына татыктуубу же жокпу карап чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 27-марттагы отурумунда билдирилди.
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиевдин айтымында, бул маселе Оторбаевдин берген отчетунан кийин каралат. Ал эми отчетту парламент регламент боюнча эң кеч 30-апрелге чейин угушу керек.