Кубанычбек Сагындыков Орусиянын снукер боюнча Кубогунун этабында экинчи болду

Кыргызстандык Кубанычбек Сагындыков Орусиянын снукер боюнча Екатеринбургда өткөн Кубогуктун үчүнчү этабында экинчи орунду ээледи.

Таймаштын расмий сайты кабарлагандай, группалык стадияда үч жолугушуу өткөрүп, экөөсүндө жеңишке ээ болуп, бир оюнунда утулуп берди. Акыркы оюнду ал Виктор Ларионовго каршы турнирдин плей-оффуна чыгуу үчүн ойногон.

Чейрек финалга чыгуу үчүн болгон таймашта Сагындыков Михаил Поповдон күчтүрөөк болду (3:2), андан кийин Андрей Мельниковду утту. Финалга чыгуу үчүн күрөштө Ильдар Шариповду 3:1 эсебинде утуп алды. Финалдык кездешүүдө Дарья Сиротинага 3:4 эсебинде жеңилип берип, экинчи орунду ээледи.

Башка кыргызстандык Ызатбек Раатбеков чейрек финалга чейин жетип, жарым финалда чыгуу үчүн болгон таймашта Ильдар Шариповго жеңилип калды (3:0). Жыйынтыктоочу зачетто Раатбеков 508 орунга илинди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД