Камкордук кеңеш кайрымдуулук көрсөтүүчүлөрдү жана меценаттарды издөөдө

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 8-апрелдеги жыйынынында "Камкордук кеңештери жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы жактырылган. Эми ал парламент жыйынына чыгарылат,- дейт мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Равшан Жээнбеков "Парламент" (FM 90.2) радиосуна курган маегинде. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Камкордук кеңештерине мекеменин өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга көмөктөшүү; мүмкүн болуучу кайрымдуулук көрсөтүүчүлөрдү жана меценаттарды издөө менен алектенүү; мыйзамда тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттарды табуу; мыйзамды бузуу учуру табылганда мекеменин жетекчисин ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу сунуш киргизүү; мекеменин милдеттерин жана максаттарын ЖМК аркылуу пропагандалоо; ар түрдүү кайрымдуулук чараларын өткөрүү; мекемелерде алдыңкы идеяларды жана башкаруу технологияларын киргизүүнү жана жайылтууну колдоо; улуттук жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу; мекеменин ишин жакшыртуу боюнча сунуштамаларды берүү; кеңештин алдында турган милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон башка иш милдеттерди аткаруу укуктары берилет.

Камкордук кеңештеринин иш тажрыйбаларына келгенде, борборубуздагы Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы тууралуу көп сөздөр айтылып келет. Анын агын ак, көгүн- көк деш үчүн аталган окуу жайдын "Юный балет" коомдук фондунун өкүлдөрү Аида Ахмадалиева менен Оксана Михайлова да "Парламент" (FM 90.2) радиосунун меймандарынан болушту.

Алардын айтымында, Алматыда, Новосибирскиде өткөн кароо – сынактарга катышып, ийгиликтүү орундарды камсыздоодо "Юный балет" коомдук фондунун колдоосу чоң болду. Ал тургай, ошол эле Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайындагы педагогдордун Санкт-Петербургга барып кесиптик чеберчиликтерин жогорулатып келүүгө да мүмкүндүк түзгөн ,- дейт "Юный балет" коомдук фондунун туптөөчүсү Аида Ахмадалиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД