Диний окуу жайдын мугалиминин билимин жогорулатуу семинары өтүп жатат

Бишкек шаарында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурган "Диний окуу жайларынын мугалимдеринини билимин жогорулатуу" 5 күндүк семинары өтүүдө, деп билдирет Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын расмий сайты.

Бул иш-чарага тиешелүү мамлекеттик министирлитер менен мекемелер, диний фонддор жана Муфтияттын бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Мындан сырткары жогорку окуу жайларынын абройлуу жана илимдүү кадрлары дагы семинарда өздөрүнө тиешелүү темаларда лекцияларын окушту. Ар бир лекциядан кийин суроо-жооптор жана тема боюнча кызуу талкуулар болууда.

Диний окуу жайлардын мугалимдери билим алуу менен биргеликте Жогорку Кеңеш тарабынан даярдалып аткан – Диний билим берүү мыйзамынын долбооруна сунуштарды дагы талкуулап даярдашууда. Бул багытта диний билим берүү системасын аныктоо аракети жүрүүдө: башталгыч диний билим берүү структуралары – диний лицей, каарыкана, мечит-медреселер алдындагы курстар; орто билим берүү – башталгыч медресе, атайын орто билим берүү – жогорку медресе; жогорку билим берүү – институт жана университет; магистратура дана докторантура – академия. Диний билим берүү стандарт көйгөйлөрү төмөнкүлөр деп аныкталууда: окуу программалары, интеллектуалдык жана материалдык стандарттар, билим берүү системасы, материалдык база, методикалар, кадр маселеси. Бул багытта тыюу салуу менен эмес, диний билим берүүдө мамлекеттик стандарттарды кабыл алууну мекелердин өз ыктыярына калтырылуусу сунушталмакчы, анткени диний окуу жайга табигий илимдеринин компоненттерин киргизүүнүн материалдык камсыздоо жагы каралган жок. Диний стандарттарды иштеп чыгуу жана ишке ашуусун көзөмөлдөөнү КМДБна жүктөө сунушталмакчы, себеби мамлекеттик мекемелерде диний билими бар кадрлар жээрлик жокко эсе. Бул семинар толугу менен меценат Саид Баюминин "Жаштардын дүйнөлүк ассамблеясы" тарабынан камсыздалууда. Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Азрети муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиевдин демилгеси менен жүрүп жаткан диний билим берүү реформа жана диний кызматкерлердин социалдашуу программаларынын алкагында жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД