Бир ай ичинде Кыргызстан "Centerra Gold"дун акцияларынан дагы $119 млн жоготту

Бир айдан бир аз ашыгыраак убакытта Кыргызстан "Centerra Gold Inc" компаниясынын акцияларынын дагы 119,3 миллион долларын жоготту. Кыргызстанга 33 пайыз акциясы таандык болгон канадалык алтын казып алуучу компаниянын акциясынын баасы жума күнү, 12-апрелдеги соодада 5 доллардан төмөн - 4,94 долларга чейин арзандап кетти. Бул тууралуу Торонтодогу фондулук биржанын расмий сайтында айтылат.

Бул акыры 4 жылдагы баалуу кагаздын эң арзан сатылган баасы. Акыркы жолу акциянын баасынын 5 доллардан төмөндөшү 2009-жылдын апрелинде - "Кумтөр" келишими түзүлөөр алдында байкалган.

Ошентип Кыргызстандын компаниядагы акциялар пакетинин баасы 382,3 миң долларды түзүп калды. Бир ай мурдараак, 28-февралда кыргызстандык пакеттин баасы 501,6 млн долларга бааланган.

Жылдын башында - 2-январда пакеттин баасы 730,7 млн долларды түзгөн. Бул маалыматка ылайык үстүбүздөгү жылдын башында акциянын баасынын арзандашы бирдигине 9,45 доллардан 4,94 долларга чейин ылдыйлаган. Жума күнкү Торонтогу сооданын жыйынтыгы боюнча "Centerra Gold Inc"тин бир даана акциясынын баасы 4,94 долларды түздү. 2012-2013-жылдары Кыргызстандын акциялар пакети 4 эсе арзандап кетти.

Эске салсак, Кыргызстан акциялары Канаданын Торонтосундагы биржада котировкаланган ири алтын казып алуучу компаниянын акционери болуп эсептелет жана 77,4 млн акцияга (32,75%) ээ.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД