Малды индентификациялоо боюнча мыйзам долбоорун палатанын кароосуна жөнөтүштү

Бүгүн 15-апрелде, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча парламенттик комитеттин жыйынында малды идентификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап чыгышты.

Белгилей кетсек, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргызстанга малды сатууну, эт-сүттү экспорттоону көзөмөлдөө жана инвестиция тартып келиш үчүн айыл чарба жандыктарын идентификациялоону киргизүүнү сунуштап жатат. Чиновниктер бул ошондой эле ар кандай оорулардын жайылышын иликтөөгө мүмкүндүк түзөт деп эсептешет. Малды идентификациялаш үчүн 180 млн сом зарыл. Министрлер кабинети эл аралык донор колдоосуна үмүт артып жатат. Өкмөт 5 пайыз чыгымды өз мойнуна алууга даяр. Ошондой эле чиптерди киргизүү жагы да каралууда. Жылкылар үчүн анын баасы -120 сом, ири мүйүздүү мал башкача айтканда уй-топоздор үчүн -60, майда мал үчүн -15, чочко үчүн 15- сомго индентификацияланмакчы. Уйларга бирка эки кулагына, ал эми майда жандыктарга бир бирка, жылкылардын терисинин алдына чип киргизилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД