Профилдик комитет жазгы талаа жумуштары боюнча көчмө жыйын өткөрөт

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрү келерки аптада жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу чечим бүгүн 15-апрелдеги жыйында кабыл алынды.

Атажурчу Абдымиталип Кочкорбаев белгилегендей май айында өкмөт депутаттардын иш жузүндө канча буудай эгилди деген суроосуна жооп бермекчи. Анын айтымында, мындай отчетторду жыл сайын берип турушат, бирок күзүндө дыйкандар түшүм албай калышат. "Акыркы 15 жылда иш жүзүндө канча буудай айдалганы тууралуу эсеп өкмөттүн маалыматына ылайык келбейт",- дейт эл депутаты.

Ага профилдик комитеттин башчысы Сайдулла Нышанов да кошулат. Ал "чиновниктер дайыма чоң трибунадан бир маалымат берет, ал эми текшере келгенде алар көбөйтүлүп айтылган болуп чыгат",-дейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД